ДССУ "омикрон" штаммы коомго коркунуч жаратарын айтты

© REUTERS / DAVID W CERNYБейтапты ооруканага жеткирип жаткан медицина кызматкерлери, Прага шаары
Бейтапты ооруканага жеткирип жаткан медицина кызматкерлери, Прага шаары - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.11.2021
Жазылуу
Деген менен уюмдун баяндамасында азырынча "омикрон" штаммынан бир да адам өлүмү болбогондугу белгиленген.
БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму "омикрон" штаммынын жайылуу ыктымалдыгын глобалдык деңгээлде жогору деп атады. Бул тууралуу РИА Новости маалымат булагы жазды.
Аталган уюмдун баяндамасында штамм кезектеги массалык эпидемиянын чыгышына себеп болушу мүмкүн экени белгиленген. Ошол эле учурда документте дарыгерлер азырынча "омикрон" штаммынан бир да адам өлүмү болбогондугун кошумчалаган.
ДССУ кошумчалагандай, тесттердин көбү SARS-CoV-2нин жаңы вариантын аныктоого жөндөмдүү жана колдо болгон вакциналар илдеттин оор түрүнөн айыктырып, өлүмдөн коргой алат.
Бир нече күн мурун Түштүк Африкадагы Ботсвана өлкөсүндө коронавирустун B.1.1.529 аттуу жаңы штаммы катталганын, анда патоген клеткаларды жугузуучу S-белоктун 32 мутациясы бар экенин билдиришкен.
Йоханнесбургда (Түштүк Африка) дарыгерлер COVID-19 менен ооруган бейтапты текшерип жатышат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.11.2021
Дүйнө тынчсызданган "омикрон" штаммынын белгилери, кайдан чыкканы айтылды
Окумуштуулардын айтымында, SARS-CoV-2 геномундагы жаңы өзгөрүүлөрдүн көбү бул варианттын башкаларга жугуу жөндөмдүүлүгүн жана оорулуу, эмдөөдөн өткөндөрдүн коргоочу антителолоруна туруктуулугун көрсөтүп турат. Деген менен акыркы жыйынтык чыгарууга эрте экени айтылат.
Эксперттер B.1.1.529 адегенде иммунитети төмөн, ВИЧ менен ооруган адамда пайда болгонун айтышат.
Чет элдик маалымат каражаттары жазгандай, Түштүк Африкада жүзгө жакын адам катталды. Гонконгдо, Израилде, Бельгияда, Чехияда, Германияда, Улуу Британияда, Италияда, Австралияда, ошондой эле Нидерландда жана Австрияда бир нече учур бар.
Бейтаптардын баары башка жактан жугузуп келген.
ДССУ жума күнкү чукул жыйынында B.1.1.529ду "тынчсыздануу жаратат" деп таанып, аны грек алфавитинин 15-тамгасы боюнча "омикрон" деп атады. Европа биримдиги жана башка көптөгөн өлкөлөр Африканын кээ бир мамлекеттерине каттамдарды токтоткон.
Гамалея борборунда жаңы штаммдын пайда болушуна карата кооптонуунун кереги жок экендигин айтышты. Адистер мурдагыдай эле бет кап тагынып, эмдөө алуу керектигин баса белгилешти. Эмдөө алуу коронавирустан коргонуунун эң ишенимдүү чарасы бойдон калууда.
Жаңылыктар түрмөгү
0