АКШ бийлиги Кытайда өтө турган Олимпиада оюндарына бойкот жарыялады

© AFP / NOEL CELISКишилер Пекиндеги Кышкы Олимпиада оюндарынын логотибинен жанында
Кишилер Пекиндеги Кышкы Олимпиада оюндарынын логотибинен жанында - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.12.2021
Жазылуу
Жо Байдендин администрациясы 2022-жылдагы Олимпиада жана Паралимпиада оюндарына дипломатиялык дагы, расмий дагы делегация жөнөтпөй турган болду.
БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. АКШ бийлиги 2022-жылы Кытайда өтө турган кышкы Олимпиада оюндарына бойкот жарыялагандыктан, иш-чарага Американын бийлик өкүлдөрү катышпайт. Бул тууралуу Ак үйдүн маалымат катчысы Жен Псаки брифинг учурунда билдирди.
"Кытайдагы адам укугунун бузулушу жана Синьцзяндагы геноцидди эске алуу менен Байдендин администрациясы 2022-жылдагы Олимпиада жана Паралимпиада оюндарына дипломатиялык дагы, расмий дагы делегация жөнөтпөйт", — деди ал брифингде.
Ошол эле учурда бул бойкоттун АКШлык спортчуларга тиешеси жок экени айтылды.
Инаугурация 46-го президента США Джо Байдена - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.12.2021
Путинден америкалыктар эмне күтүп, кандай коркутууларга барат?
"Ал эми Олимпиада оюндарына катышкан спортчуларыбызды 100 пайыз колдойбуз", — деди Псаки.
Эске салсак, Синьцзяндагы окуяларга байланыштуу АКШ, Улуу Британия жана Европа биримдиги Кытайга каршы санкция жарыялашкан. Алар Кытай бийлиги уйгурлар жана алар сыяктуу башка этникалык азчылыктардын укугун бузуп, эркине каршы эмгегин пайдаланып жатат деп айыптоодо. Пекин бул айыптоолордо айтылгандардын бардыгын төгүндөп келет. Кытай бийлиги Синьцзянга байланыштуу окуялар адам укугуна эмес, террорчулук жана сепаратизмге тиешелүү экенин билдирет.
Жаңылыктар түрмөгү
0