Лукашенко ЕАЭБди Африка менен жигердүү иш алып барууга чакырды

© Sputnik / POOL / Медиабанкка өтүүБеларусь президенти Александр Лукашенко ЕАЭБдин юбилейлик X саммитинде
Беларусь президенти Александр Лукашенко ЕАЭБдин юбилейлик X саммитинде  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.05.2024
Жазылуу
БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Беларусь президенти Александр Лукашенко ЕАЭБдин юбилейлик X саммитинде сүйлөп жатып аталган уюмду Африка менен жигердүү иш алып барууга чакырды.
Анын айтымында, Африка биримдиктин товарларына, кызматтарына жана технологияларынын кеңири спектрине муктаж.

"Африка дагы Латын Америкасы сыяктуу "тиешелүү алдыңкы өлкөлөрдүн" колониализмине "тойду". Бул Африкага баруу үчүн ыңгайлуу учур", — деди Беларустун президенти.

Мындан тышкары, ал ЕАЭБ менен үчүнчү өлкөлөрдүн ортосунда өнөктөштүк мамилелерди түзүү боюнча иштерди системалаштырууга чакырды.
"Учурдагы геоэкономикалык реалдуулукта эркин соода аймагы кайсы өлкөлөр менен, кандай ырааттуулукта жана кандай мөөнөттө түзүлөрүн так түшүнүшүбүз керек", — деди Лукашенко. Потенциалдуу өнөктөштөрдүн ичинен кайсынысы меморандумдар менен чектеле турганын да аныктап алууну кошумчалады.
Россиянын президенти Владимир Путин ЕАЭБдин юбилейлик X саммитинде - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.05.2024
Путин: ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ИДПсы он жылда 2,5 триллион долларга чыкты
Жаңылыктар түрмөгү
0