Путин: ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ИДПсы он жылда 2,5 триллион долларга чыкты

© Sputnik / POOL / Медиабанкка өтүүРоссиянын президенти Владимир Путин ЕАЭБдин юбилейлик X саммитинде
Россиянын президенти Владимир Путин ЕАЭБдин юбилейлик X саммитинде - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.05.2024
Жазылуу
Путиндин айтымында, үчүнчү мамлекеттер менен товар алмашуу 60 пайызга, ал эми өз ара соода боюнча алака дээрлик эки эсеге жогорулаган.
БИШКЕК, 8-май — Sputnik. ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн ички дүң продукциясы он жыл ичинде 1,6 триллиондон 2,5 триллион долларга көбөйүп, ал эми өз ара соода эки эсе өстү. Бул тууралуу Россиянын президенти Владимир Путин ЕАЭБдин юбилейлик X саммитинде билдирди.
Анын айтымында, үчүнчү мамлекеттер менен товар алмашуу 60 пайызга, ал эми өз ара соода боюнча алака дээрлик эки эсеге жогорулаган.
Путин аталган уюм 10 жыл ичинде өзү калыптанып келе жаткан көп уюлдуу дүйнөдө жетиштүү өнүгө баштаган көз карандысыз борбордун бири катары көрсөткөнүн белгиледи.

"ЕАЭБ ар бир мүчө-өлкөгө реалдуу пайда келтирип жатат", — деди Россиянын лидери.

Ал биримдикке мүчө болуу экономиканын туруктуу өнүгүшүн камсыздап, жарандардын жашоо сапатын жана бакубаттуулугун жогорулатууга алып келерин кошумчалады.
Евробиримдиктин күйүп жаткан желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.05.2024
ЖМК: Путиндин инаугурациясына катышуу маселеси Евробиримдикте ажырым жаратты
Жаңылыктар түрмөгү
0