Бишкекте айрым автобус жана троллейбустардын каттамдары убактылуу өзгөрдү

© Sputnik / Жоомарт УраимовЖүргүнчулөр түшүп жаткан троллейбус. Архив
Жүргүнчулөр түшүп жаткан троллейбус. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.05.2024
Жазылуу
Муниципалдык транспорттун каттамдары 10-майдан тарта кайра калыбына келери белгиленди.
БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Бишкекте 8-9-майда №36 автобус, №2 жана №8 троллейбустун каттамдары убактылуу өзгөрдү. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 79 жылдыгын белгилөөгө байланыштуу борбордун айрым көчөлөрүндө жол кыймылына убактылуу чектөө киргизилет.
Мындан улам №36 автобус Абдрахманов көчөсү менен Жибек Жолу проспектинен Чүй проспектине чейин каттайт. Ал эми №2 жана №8 троллейбустар Жибек Жолу проспекти — Лермонтов көчөсү — Чүй проспекти маршруту боюнча жүрөт.
Муниципалдык транспорттун каттамдары 10-майдан тарта кайра калыбына келери кошумчаланды.
Автобус айдоочусу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.04.2024
Ак-Өргөөгө №216 каттам менен эми автобус жүрө баштайт
Жаңылыктар түрмөгү
0