Шашылыш билдирүү. Майрамдан кийин аба ырайы кескин өзгөрөт

© AFP / DANIEL LEAL-OLIVASКатуу жаандын асытда калган кыздар. Архив
Катуу жаандын асытда калган кыздар. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.05.2024
Жазылуу
Республиканын айрым аймактарында мезгил-мезгили менен жамгыр, кар жаап, күн күркүрөшү мүмкүн.
БИШКЕК, 8-май — Sputnik. 10-12-майда Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Синоптиктер 11-майда жана 12-майда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде катуу жамгыр, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо мөндүр жаашы күтүлөрүн маалымдашты.
Абанын температурасы төмөндөп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат, айыл чарба өсүмдүктөрүнө зыян келтириши мүмкүн.
Бишкектин Эркиндик бульварында сейилдеп жургон адамдар. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.05.2024
Күн ысыйбы? Бир жумага карата аба ырайы
Жаңылыктар түрмөгү
0