Бишкектеги "Асанбай" паркынын ордуна заманбап оюн-зоок паркы салынат. Эскиз

© пресс-служба мэрии города БишкекБишкектеги "Асанбай" паркынын ордуна салына турган заманбап оюн-зоок паркынын эскизи
Бишкектеги Асанбай паркынын ордуна салына турган заманбап оюн-зоок паркынын эскизи - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.05.2024
Жазылуу
Муниципалитет парктын аймагына көп кабаттуу үйлөр курулбай турганын убадалады.
БИШКЕК, 9-май — Sputnik. Бишкектин түштүгүндөгү "Асанбай" паркынын аймагына заманбап оюн-зоок паркын куруу пландалып жатканын мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, бул парк башкача, жаңы форматта болот.
"Ал жакка жаңы аттракциондор, ыңгайлуу кабиналары бар 90 метр бийиктиктеги күн дөңгөлөк, балдар үчүн акватория салынмакчы. Ал эми зоопарк модернизацияланат", — деп айтылат маалыматта.
Долбоор "Бишкек башкы архитектура" ишканасы тарабынан иштелип жатканы кошумчаланды. Муниципалитет парктын аймагына көп кабаттуу үйлөр курулбай турганын убадалады.
Аукциондун балкасын кармап турган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.05.2024
Кыргызстанда тогуз объект аукционго коюлду. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0