Путин Ата Мекендик согуштагы СССР элдеринин эрдиги тууралуу айтты

© Sputnik / Михаил Климентьев / Медиабанкка өтүүРоссиянын президенти Владимир Путин Кызыл аянтта Улуу Жеңиштин 79 жылдыгына арналган аскердик параддын алдында
Россиянын президенти Владимир Путин Кызыл аянтта Улуу Жеңиштин 79 жылдыгына арналган аскердик параддын алдында - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.05.2024
Жазылуу
РФ лидери Батыш Экинчи дүйнөлүк согуштун сабактарын көңүлдүн сыртында калтырууга аракет кылганы менен аны унутууга болбостугун эскертти.
БИШКЕК, 9-май — Sputnik. Улуу Ата Мекендик согуштун каардуу, кыйын үч жылында СССРдин дээрлик бардык республикалары нацисттер менен бир муштумдай түйүлүп салгылашты. Бул туурасында Россиянын президенти Владимир Путин Кызыл аянтта Улуу Жеңиштин 79 жылдыгына арналган аскердик параддын алдында айтты.
РФ лидери азаптуу алгачкы үч жылда СССР өзүнүн күчүнө таянып, ал эми Вермахттын аскердик кубаттуулугу үчүн бүткүл Европа көмөктөшкөнүн белгиледи. Ал Батыш Экинчи дүйнөлүк согуштун сабактарын көңүлдүн сыртында калтырууга аракет кылганы менен аны унутууга болбостугун эскертти.
"Батыш Экинчи дүйнөлүк согуштун сабактарын унутууну каалаганы менен биз жоокерлердин каны суудай төгүлүп, адамзаттын тагдыры Москва менен Ленинграддын алдында, Ржевде, Сталинградда, Курскиде, Харьковдо, андан сырткары, Мурманскиден Кавказга жана Крымга чейин жеткен салгылаштарда чечилгенин унутпайбыз", — деди Россия лидери.
Ал тарыхтагы бул ири согушта Россия союздаштардын жардамын, экинчи фронттун маанисин да эч качан төмөндөтпөстүгүн айтты.
"Муну менен катар белгилей кетсем, Россия союздаштардын жардамын, экинчи фронттун маанисин эч качан кийинки орунга коюп төмөндөткөн эмес. Антигитлердик коалициянын бардык жоокерлеринин, каршылык кылгандардын, партизандардын, милитаристтик Япониянын агрессиясына өзүнүн көз карандысыздыгы үчүн каршы турган Кытай элинин эрдигин, каармандыгын баалайт", — деп кошумчалады Путин.
Бүгүн Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 79 жылдыгы белгиленип жатат.
Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 79 жылдыгына арналган аскердик парады - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.05.2024
Путин: Россия глобалдык тирешти болтурбоого бар күчүн жумшайт
Жаңылыктар түрмөгү
0