Былтыр банк сектору 107,4 млрд сом киреше тапкан

© Sputnik / Жоомарт УраимовЛупа доллар жана сом купюраларын фонунда. Иллюстративдик сүрөт
Лупа доллар жана сом купюраларын фонунда. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.05.2024
Жазылуу
Банк кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата Статком бир катар кызыктуу фактыларды даярдаган.
БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Өткөн жылы банк сектору 107,4 миллиард сом киреше таап, өсүш 16 пайызды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылат.
Белгиленгендей, жыл сайын 10-майда банк кызматкерлери кесиптик майрамын белгилешет. Банк сектору экономиканын ажырагыс бөлүгү болуп, экономиканын өсүшүнө жана туруктуулугуна чоң салым кошот.
Статком бул тармак боюнча бир катар кызыктуу фактыларды даярдаган:
өткөн жылда кардарлардын эсеби үч миллионго көбөйүп, жалпы 11 миллионго жеткен. Бул мобилдик банкингдин өнүгүшү менен камсыздалган;
финансылык ортомчулук чөйрөсүндөгү кызматкерлердин орточо айлыгы 62 миң сомду түзүп, дээрлик төрттөн бирге көбөйгөн;
банк секторунун кирешеси 2022-жылга салыштырмалуу 16 пайызга көбөйүп, 107 миллиард сомдон ашты;
өткөн жылдын жыйынтыгы менен Улуттук жана 22 коммерциялык банк пайда тапса, бир банк жылды чыгаша менен аяктаган. Жалпы пайда 4 миллиард сомго көбөйүп, 39 миллиард сомго жакын болду.
Экономиканын банк секторунун суммардык активдери бир жылдын ичинде дээрлик 21 пайызга көбөйүп, 2023-жылдын аягына карата 1 триллион 58,8 миллиард сомду түздү. Активдердин наркынын 58 пайызга жакыны коммерциялык банктарга, 42 пайызы Улуттук банкка туура келет.
5000 сомдук банкнотанын жаңысы жүгүртүүгө чыгарылды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.05.2024
5000 сомдук банкнотанын жаңысы жүгүртүүгө чыгарылды. Сүрөт
Жаңылыктар түрмөгү
0