Россияга жөнөтүүга даярдалган дээрлик 21 килограмм героин кармалды

© Sputnik / Руслан Кривобок / Медиабанкка өтүүАлынган героин. Архив
Алынган героин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кармалган баңгизаттын болжолдуу баасы 150 миң доллар экени маалымдалууда.

БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Бишкек шаарынан 20 килограмм 800 грамм героин менен кишилер кармалганын, алар баңгизатты Россияга жиберүү үчүн даярдашканын ИИМдин маалымат кызматы билдирди. 

Баңгизат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Россияда баңгизат ташыган кылмыш тобунун кара-суулук эки мүчөсү кармалды
ИИМдин Баңгизаттарына каршы күрөшүү башка башкармалыгынын кызматкерлери 10-майда саат сегиздер чамасында Бишкек шаарынын Чапаев көчөсүнөн "Мерседес S 500" менен "Хонда Одиссей" автомашиналарын кармаган.

Тинтүү учурунда айдоочулардын бирөөнөн желим баштыкка оролгон 5 грамм героин табылган. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон.

Кылмыш ишинин алкаганды кармалган жарандын туугандарынын үйү тинтүүга алынган.

"Үйдү тинтүү учурунда бөлмөлөрдүн биринен ак түстөгү, атайын жыты бар 40 тангак табылган. Анын жалпы көлөмү 20 килограмм 800 грамм", — деп айтылат билдирүүдө. 

Алдын ала маалыматтар боюнча кармалган баңзизаттын болжолдуу баасы 150 миң долларды түзөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0