Сариев: чет жерде жашаган кыргызстандыктардын кызыкчылыгы корголушу керек

Жазылуу
Коллегияда орчундуу окуя катары Кыргызстандын ЕАЭБге кирүүсү, Атамбаевдин ЕБ мамлекеттерине болгон иш сапары, Уфада өткөн саммитке КР катышуусу, башка мамлекет жетекчилеринин өлкөгө болгон сапары айтылды.

БИШКЕК, 17-июль — Sputnik. Премьер-министр Темир Сариев чет жерде жашаган кыргызстандык жарандардын кызыкчылыгын коргоо башкы маселе экенин Тышкы иштер министрлигинин коллегиясында билдирди.

16-июль күнү өкмөт башчы, президент аппаратынын, ЖК өкүлдөрү катышкан Тышкы иштер министрлигинин кезектеги коллегиясы болуп өттү. 

Хиджабчан кыздар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сариев: мектептерге караганда мечиттердин саны көбөйүүдө
Иш-чарада министрликтин биринчи жарым жылдыктагы ишмердүүлүгүнө баа берилди. Мында негизинен виза саясатын жөнгө салуу, программалык документтердин алкагындагы маселелерди ишке ашыруу каралды.

Коллегия жүрүшүндө ТИМ Эрлан Абдылдаев бул дарым жылдык саясий окуяларга бай болгонун билдирди. Мында Кыргызстандын ЕАЭБге кирүүсү, Атамбаевдин ЕБ мамлекеттерине болгон иш сапары, Уфада өткөн саммитке Кыргызстандын катышуусу, башка мамлекет жетекчилеринин КР болгон сапары айтылды.

Сариев өз сөзүндө Кыргызстандын тышкы саясатына жана артыкчылыктарына токтолуп, өлкөнүн өнүгүшү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган иш аракеттерди жигердүү улантуу жана чет жерде жашаган кыргызстандыктардын кызыкчылыгын коргоо мекеменин башкы маселеси болушу керектиги белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0