Каракчылык кылган эже-сиңдилер кармалды

Жазылуу
Эже-сиңдилер чала тааныш аялдын үйүнө барып, анын колу-бутун таңып, баалуу буюмдарын уурдап кеткен.

БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Бишкек шаарынын Ленин РИИБдин кызматкерлери каракчылык кылган эже-сиңдилерди кармаганын шаардык милициядан билдиришти.

Акча. Архив - Sputnik Кыргызстан
Майга акча таппай, каракчылыкка баргандар кармалды
Маалыматка ылайык, 27-июнда күндүзгү саат 10:00дөр чамасында эже-сиңдилер чала таанышынын үйүнө барып, күч колдонуп аялдын буту-колун байлап, үйүндөгү алтын буюмдарын жана чөнтөк телефонун уурдап кетишкен. Келтирилген чыгым 50 миң сомду түзгөн.

Аталган факты боюнча Ленин РИИБдин тергөө бөлүмү Кылмыш жаза кодексинин 168-беренеси (Каракчылык) боюнча кылмыш ишин козгогон.

Иликтөө иш-чараларынын негизинде аталган кылмыш ишине шектүү делип, 34 жана 24 жаштагы эже-сиңдилер кармалган. Тергөө иштери жүрүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0