Таласта китепкана менен клубду оңдоого бөлүнгөн акчаны жетекчилер өз ара бөлүп алган

Жазылуу
Аталган кызматкерлер документтерди жасалмалап, ремонт иштери үчүн каралган 80 миң сомду өз максаттарында пайдаланышкан.

БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Талас районунун Бердике-Баатыр айыл аймагынын, ошондой эле эмгек, миграция, жаштар жана почта бөлүмдөрүнүн жетекчилери аймактагы клуб менен китепкананы оңдоого бөлүнгөн каражатты өздөрүнө ыйгарып алышканын Башкы прокуратура билдирет. 

Акча купюралары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Чаткалда билим берүү бөлүмүнүн жетекчилиги 1 млн. сомду өзүнө ыйгарып алган
Маалыматка ылайык, аталган кызматкерлер документтерди жасалмалап, ремонт иштери үчүн каралган 80 миң сомду өз максаттарында пайдаланышкан. 

Бул факт боюнча Талас райондук прокуратура тарабынан Кылмыш жаза кодексинин кызмат абалынан пайдалануу, ишенип берилген мүлктү өзүнө ыйгаруу жана документтерди жасалмалоо беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон.

Учурда тергөө иштери башталды. 

Жаңылыктар түрмөгү
0