Микроавтобус менен жүк ташуучу унаанын кагылышуусунан бир жүргүнчү каза болду

Жазылуу
Учурда машиналар унаа токтотуучу жайга алып келинип, тийиштүү экспертизалар дайындалды. Бардык материалдар тергөө бөлүмүнө берилди.

БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Бишкек — Ош унаа жолунун 102-чакырымында түндүктү көздөй бара жаткан "Мерседес-Бенц-212 D" унаасы каршы жол тилкесине чыгып, "Мерседес-Бенц-АКТРОС" жүк ташуучу машина менен кагылышып, андан 37 жаштагы бир жүргүнчү каза болгонун ИИМ билдирди.

Машина дөңгөлөгү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кадамжай районунда машина сайга кулап, ичиндеги эки киши күйүп кетти
Маалыматка ылайык, кырсык 5-октябрь күнү таңкы саат беште болгон. Анын кесепетинен 11 адам түрдүү жаракат менен Жайыл райондук ооруканага жеткирилди. Төрт жүргүнчүгө ошол жерден биринчи медициналык жардам көрсөтүлүп, үйлөрүнө жөнөтүлгөн.

Микроавтобустун айдоочусу машинаны калтырып, качып кетүүгө аракет кылган. Окуя болгон жерге келген милиция, жол кайгуул кызматынын инспекторлору баштапкы иликтөө иштерин жүргүзүштү.

Учурда машиналар унаа токтотуучу жайга алып келинип, тийиштүү экспертизалар дайындалды. Бардык материалдар тергөө бөлүмүнө берилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0