Автоунаа уурдоо менен жан баккан кылмышкерлер колго түштү

Жазылуу
Учурда аларга карата кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө улантылууда.

БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Бишкекте токтоп турган унааны айдай качууга аракет кылган топ кармалганын ИИМ билдирди.

Бишкек шаарындагы автоунаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Россиядан уурдалган унаалардын учугу Кыргызстандан чыгууда
Маалыматка ылайык, унаасынын жанында топтошуп турган үч жаранды үйдөн чыгып келе жаткан ээси байкап, милицияга кабарлаган. Окуя болгон жерге келген укук коргоо органдарынын кызматкерлери качууга аракет кылган 19-21 жаштагы жарандарды колго түшүрүшкөн. 

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө аталган кылмышкерлердин эч жерде иштебей тургандыгы, мындан тышкары, бир катар унаа уурдоого катыштыгы бар экени аныкталган. 

Учурда аларга карата кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө улантылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0