Үч өспүрүмдү коюп кеткен айдоочуга кылмыш иши козголду

Жазылуу
Кечки саат жетиде болгон кырсыктан жабыркаган өспүрүмдөр ар кандай жаракат менен аймактык ооруканага жеткирилген.

БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Сокулукта 15 жаштагы үч өспүрүмдү коюп кеткен айдоочунун иши тергелип жатканын ИИМ билдирди.

Тез жардам автоунаалары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сокулук районунда автоунаа ала салып, эки киши каза болду
Маалыматка ылайык, "ВАЗ-2107" унаасын айдап келе жаткан 38 жаштагы айдоочунун мас абалында болгондугу айтылууда. Кечки саат жетиде болгон кырсыктан жабыркаган өспүрүмдөр ар кандай жаракат менен аймактык ооруканага жеткирилген. 

Унаа айып короого токтотулуп, экспертиза дайындалды.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0