Сузакта 23 жылдан бери токтоп турган бала бакча ишке кирди

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүБала бакча. Архив
Бала бакча. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Имарат мамлекеттик гранттын эсебинен оңдолуп түздөлдү. Эми анда төрт тайпага бөлүнгөн 100 бөбөк мектепке чейинки билим алмакчы.

БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Жалал-Абаддын Сузак районундагы Ак мечит айылында "Көпөлөк" аттуу бала бакча ачылганын Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Бала бакчада сабак учуру. Архив - Sputnik Кыргызстан
Таластын Тамчы-Булак айылы бала бакчалуу болду
Маалыматка ылайык, аталган бала бакча 1973-жылы курулуп, пайдаланууга берилген. 1992-жылдан тарта мекеме иштебей токтоп турган. Былтыр бала бакчанын имараты кайтарылып берилип, мамлекеттик гранттын эсебинен үч миллион сомго ремонт жасалган.

Бөлүнгөн каражатка жылуулук системасы оңдолуп, эмеректер алынды. Бала бакчанын иштешине жергиликтүү тургундар да бир топ салым кошкон.

100 орундуу мекемеде төрт тайпа бала тарбияланары белгилүү болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0