Эртең түнкүсүн жамгыр жаап, тоого кар түшөт

© Sputnik / Табылды КадырбековПодземный переход во время непогоды в Бишкеке. Архивное фото
Подземный переход во время непогоды в Бишкеке. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метр секундга жетип, күн 20…22 градуска чейин ысык болот.

БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. 19-апрелде түнкүсүн жаан жаап, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Фонтандан өтүп бараткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Май айында өлкө аймагында күн ысык болуп, жаан-чачын аз болот
Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метр секундга жетет. Ал эми күндүз аба ырайы 20…22 градуска чейин жылуу болот.

19-апрелде түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, күндүз айрым жерлерде жаан жаап, тоолуу райондордо кар түшөт.

Чүй, Талас облустарында аба ырайы 16… 21 градуска чейин ысыйт. Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын дыйканчалык аймактарында күн 17… 22 градуска чейин ысык болот. Ал эми Ысык-Көл, Нарын облустарында күн 12…20 градуска чейин ысыйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0