Таяк тартыш боюнча калаа биринчилиги өтөт

© пресс-служба ГАФКиСТаяк тартыш. Архив
Таяк тартыш. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мелдеш 13-15-май күндөрү Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде болот.

БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Борбор калаада таяк тартыш (Мас рестлинг) боюнча шаар биринчилиги өтөт. Бул тууралуу шаардык спорт комитети билдирди. 

Кыргызстандыктар "таяк тартышуу" боюнча чемпионатта алдына ат салдырган жок
Мелдеш 13-15-май күндөрү Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде болот. 

Мыкты оюнчулар Бишкек шаарынын курама командасынын катарына кошулат. Аталган команда борбор калаанын атынан өлкө боюнча өтүүчү спорттун олимпиадалык эмес түрү боюнча турнирге катышат. 

Мелдеште эркектер алты категориялык салмакта (60, 70, 80, 90, 105 килограмм жана 105 килограммдан жогору) күч сынашса, айымдар үч килограмм салмакта (55, 65 килограмм, 65 килограммдан жогору) ат салышат. 

Таяк тартыш — узундугу төрт, туурасы эки метр аянтта өткөн мелдеш. Эки оюнчу карама- каршы отуруп буту менен кырынан коюлган тактайды тээп, 50 сантиметр узундуктагы таякты эки колдоп кармап тартышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0