Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттары эпке келип, иштемей болушту

© Фото / Талгат БакиевЗаседание депутатов Джалал-Абадского городского кенеша
Заседание депутатов Джалал-Абадского городского кенеша - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл өкүлдөрү бир пикирге келе албагандыктан, шаардын бюджети ушу кезге чейин бекитилбей турган

ЖАЛАЛ-АБАД, 26-окт. — Sputnik. Беш айдан бери бир пикирге келе албай жаткан Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттары коалиция түзүп ишке киришти.

Депутат от фракции Кыргызстан Дастан Джумабеков - Sputnik Кыргызстан
Дастан Жумабеков ЖК төрагалыгына ар тараптан ыңгайлуубу? Серепчилердин пикири
Бүгүн өткөн маалымат жыйында жаңы куралган "Ийгилик" коалициясынын курамына КСДП, "Ата-Журт", "Мекеним Кыргызстан" жана "Республика" фракциялары кирип, "Өнүгүү — Прогресс" менен "Кыргызстан" фракциялары азчылыкта калганы белгилүү болду.

Эки жаат болгон шаардык кеңеш 8-ноябрда сессияга чогула турганын көпчүлүк коалициянын лидери Сайдулла Чимбердиев айтты.

"Токтоп турган иштер ноябрь айынан тарта чечиле баштайт. 8-ноябрда сессияга чогулабыз. Буга азчылыкта калган фракциялар да макул болушту. Биринчи сессияда төраганы жана туруктуу комитетти шайлайбыз. Азыр бюджет да бекитилбей, кышка даярдыктар көрүлө элек. Эми бул маселелер чечилет", — деди ал.

Депутат шестого созыва ЖК Дастан Бекешев - Sputnik Кыргызстан
Радио
Бекешев: добуш сатуу кадимки көрүнүшкө айланды
Эскерте кетсек, былтыр 11-декабрдагы шайлоодо өтүп келген депутаттар ымалага келбей тарап кетишкен. Президент Алмазбек Атамбаевдин буйругу менен кийинки шайлоо 28-майга белгиленип, шаардык кеңешке КСДП, "Өнүгүү — Прогресс", "Ата-Журт", "Кыргызстан", "Республика" жана "Мекеним Кыргызстан" фракциялары келген. Бирок депутаттар өз ара келишпей, иш башталган эмес. Мындан улам шаар мэри шайланбай, иш токтоп калган.

Жалпы жонунан шаардык кеңеште 31 депутат бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0