Кабул мамлекеттерди элчилерин тез арада чыгарып кетүүгө чакырды

© REUTERS / OMAR SOBHANIКабул шаары. Архив
Кабул шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.08.2021
Жазылуу
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы Афганистандагы дипломатиялык кызматкерлерди алып келүү боюнча маалыматты тактап жатканын билдирди.

БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Расмий Кабул мамлекеттерге элчилерин тез арада алып кетүү суранычы менен кайрылды. Бул тууралуу Sputnik Тажикстан агенттиги жазды.

Мындай өтүнүч Афганистанда саясий абал курчуп, талибдердин ири шаарларды басып алышы менен байланыштуу. Такталбаган маалыматтар боюнча, согушкерлер Кабул эл аралык аба майданынан 20 чакырым алыстыкта жүрүшөт.

Талибан кыймылынын согушкерлери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.08.2021
Талибдер жеңишке жеттиби? Афганистанда учурда эмне болуп жатат
Дипломатиялык өкүлдөрдү алып кетүүгө АКШ менен Улуу Британиянын куралдуу күчтөрү жардам берери айтылат.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы Афганистандагы дипломатиялык кызматкерлерин өлкөгө кайтаруу боюнча маалыматты тактап жатканын билдирди.
Буга чейин Чехия, Улуу Британия, АКШ, Италия жана башка мамлекеттер элчилерин чыгарып кеткен. Ал эми Тажикстан Мазари-Шариф, Файзабад жана Бадахшандагы өкүлчүлүктөрүн жапкан. Бирок дипломаттарын алып кете элек.

Жаңылыктар түрмөгү
0