Беспорядки в Казахстане из-за повышения цен на газ - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.01.2022
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
2022-жыл жаңырары менен Казакстанда автоунаага газдын кымбаттап кетишинен улам митингдер башталып, 5-январга караган түнү митингчилер менен күч түзүмдөрү кагылышты. Президент Касым-Жомарт Токаев өзгөчө абал режимин киргизип, ЖККУдан жардам сураган. Учурда өлкөдө кырдаал турукташты.

Кыргызстанга кыргыз-казак чек арасынан канча киши өткөнү айтылды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызстан-Казакстан чек ара пункту. Архивдик сүрөт
Кыргызстан-Казакстан чек ара пункту. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.01.2022
Жазылуу
Өлкөгө кыргыз жарандарына салыштырмалуу казак жарандары көбүрөөк кирген.
БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. УКМКга караштуу Чек ара кызматы кыргыз-казак чек арасындагы абал боюнча маалымат берди.
Ага ылайык, 6-январь күнү саат 15:00гө карата кыргыз-казак чек арасында абал туруктуу.

"5-январь саат 00:00дөн 6-январь 00:00гө чейин кыргыз-казак чек арасынан жалпы 5 500 адам өткөн. Алардын ичинен Казакстандан Кыргызстанга 2 384 адам келген. Анын 671и кыргыз жараны болсо, 1 644ү казак жарандары. Ал эми Кыргызстандан Казакстанга жалпы 3 076 киши чыгып кеткен. Анын 676сы кыргыз жарандары болсо, 2 349у казак жарандары", — деп айтылат маалыматта.

5-январдан 6-январга чейин Казакстан менен чектешкен аймактан 447 транспорт өткөн. Анын ичинен 268 жүк ташуучу унаа Кыргызстанга кирсе, 179у чыккан.
"Чек арадагы өткөрмө пунктуларда элдин жана автоунаалардын топтошкон учуру катталган жок. Кыргызстандын да, Казакстандын да чек ара кызматтары эч кандай кошумча чектөөлөрдү киргизген жок", — деп айтылат маалыматта.
Жүк ташуучу унаалар "Ак-Тилек", "Чалдыбар", "Чоң-Капка" жана "Каркыра" көзөмөл-өткөрмө пунктулары аркылуу, ал эми ичинде жүгү жок автоунаалар Казакстанга "Кең-Булуң" пункту аркылуу өтө турганы кошумчаланды.
Кыргызстандын аскер кызматкерлери. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.01.2022
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Эрбол Султанбаев: аскерлер Казакстанга жөнөтүлсө митингчилерге каршы колдонулбайт
Жаңылыктар түрмөгү
0