КТРКнын макамы өзгөргөндөн кийин кызматкерлердин маянасы жогорулайт. Суммасы

© Sputnik / Табылды КадырбековТеледебаты кандидатов в президенты КР на канале КТРК
Теледебаты кандидатов в президенты КР на канале КТРК - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.03.2022
Жазылуу
Эгер мыйзам кабыл алынса, бюджеттен кошумча дагы 9 миллион сом керектелет.
БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Коомдук телерадио корпорациясынын макамы "улуттук" болуп өзгөргөндөн кийин ар бир кызматкердин маянасына 1000 сомдон кошулат. Бул тууралуу КТРКнын башкы директорунун милдетин аткаруучу Кайрат Иманалиев парламентте билдирди.
Учурда телеканалдын макамын жана башка нормаларын өзгөртүү камтылган жаңы мыйзам долбоору каралып жатат.
Иманалиевдин айтымында, мыйзамга ылайык телеканалдын макамы "улуттук" болуп өзгөргөнүнө байланыштуу кызматкерлердин айлык акысы жогорулашы керек.
Депутат Нурлан Шакиев КТРКнын штатындагы 750 кызматкер көптүк кыларын, алардын санын азайтып, журналисттерге көбүрөөк маяна төлөп берүүнү сунуштады.
"Биздин карамагыбызда алты телеканал, үч радио бар. Кызматкерлердин көпчүлүгү техникалык жактан тейлөөчүлөр. Мисалы, бизге канатташ өлкөнүн "Казакстан" телеканалында 2300 адам иштейт. Ал эми бизде 750 кызматкер эмгектенет", — деп жооп берди Иманалиев.
Эгер мыйзам кабыл алынса, бюджеттен кошумча дагы 9 миллион сом керектелет.
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.03.2022
Министр Жаманкулов: айрым мамлекеттик телеканалдарды сатыш керек
Жаңылыктар түрмөгү
0