Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Лавров: Украина кризиси боюнча маселе чечилет, биздин шарт өтө жөнөкөй

© Фото / Пресс-служба МИД РФ / Медиабанкка өтүүРоссиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров. Архив
Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.03.2022
Жазылуу
Министр Сергей Лавров Батыштын Украинага байланыштуу албууттуулугу жакында басаңдайт деп ишенерин айтты.
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Украина кризиси боюнча маселе чечилерин айтып, Россиянын шарттары минималдуу экенин кошумчалады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Албетте, маселе чечилет, мындан күмөнүм жок. Россия коюп жаткан талаптар жөнөкөй эле. Алар тууралуу баары билет. Украина тарап менен болгон сүйлөшүүлөрдө дагы айтылып жатат", — деди Лавров журналисттердин суроосуна жооп берип жатып.
Андан соң министр Батыш менен диалогдун шарттарын түшүндүрдү.
"Биздин бир гана шартыбыз бар, ал аткарылган учурда диалогдон качпайбыз. Болгону баарыбыз тең укуктуу болуп, бири-бирибиздин кызыкчылыкты сыйлашыбыз керек", — деди министр.
Сөзүнүн соңунда Лавров Батыштын Украинага байланыштуу албууттуулугу жакында басаңдайт деп ишенерин айтты. Министрдин билдиргенине караганда, Россия болгону Украинанын аймагынан Россияга түз кол салуу мүмкүнчүлүгү пайда болушун каалабайт.
Бириккен улуттар уюмунун (БУУ) генералдык ассамблеясы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.03.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Кыргызстан БУУнун резолюциясына добуш берүүдөн карманды
Жаңылыктар түрмөгү
0