Апрелде өлкөнүн үч шаарында депутаттар шайланат. Партиялардын тизмеси

© Sputnik / Табылды КадырбековПовторные выборы депутатов в БГК
Повторные выборы депутатов в БГК - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.03.2022
Жазылуу
13 партиянын өкүлдөрү жергиликтүү кеңештин депутаты болууга белсенди.
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Кыргызстандын үч шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуу ниетин билдирген партиялардын арызын кабыл алуу аяктады.
Белгилей кетсек, 10-апрель күнү Таш-Көмүр, Токтогул жана Кара-Балта шаардык кеңештерине депутаттар шайланат.
Таш-Көмүр шаардык кеңешине катышуу ниетин билдирген партиялар:
"Жаштар" партиясы;
"Ынтымак";
"Ата-Журт Кыргызстан".
Токтогул шаардык кеңешине катышуу ниетин билдирген партиялар:
"Мекен ынтымагы" партиясы;
"Бирге-Вместе";
"Ата-Журт Кыргызстан";
"Ишеним";
"Эл үмүтү";
"Тынчтык";
"Ынтымак".
Кара-Балта шаардык кеңешине катышуу ниетин билдирген партиялар:
"Күчтүү коом" партиясы;
"Ыйман нуру";
"Ишеним";
"Социал-демократтар";
"ЭлАман";
"Альянс".
БШК өкүлдөрү Бишкектеги шайлоо тилкесинде добуштарды санап жатышат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Бишкектеги эки округда добуштар кол менен саналып бүттү. Өзгөрүү барбы?
Жаңылыктар түрмөгү
0