Кыргызстанда авиабилеттер кымбаттады. Кайсы учурда арзандашы мүмкүн?

© Sputnik / Павел Бедняков / Медиабанкка өтүүАэропорттогу жүргүнчү. Архив
Аэропорттогу жүргүнчү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.03.2022
Жазылуу
Аба транспортунун эл аралык ассоциациясы (IATA) валютанын учурдагы баасына ылайыктап улам эсептөөлөрдү жүргүзүп турат.
БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Чет элдик валютанын наркынын өсүшү эл аралык каттамдардын билеттерин кымбаттатып жатат. Бул тууралуу Кыргызстандын Транспорт министрлигинин Жарандык авиация департаменти билдирди.
Маалыматка караганда, Аба транспортунун эл аралык ассоциациясы (IATA) валютанын учурдагы баасына ылайыктап улам эсептөөлөрдү жүргүзүп турат.
"Валютанын курсунун өзгөрүшү Кыргызстандын авиакомпанияларынын эл аралык рейстеринин билеттеринин баасына түздөн-түз таасир этет. Сатып алуу системасында авиабилеттердин баасы мурдагыдай эле (евро, доллар менен) болушу мүмкүн. Бирок аны сомго которгондо кымбаттап кетиши мүмкүн. Мисалы, билет 100 доллар турса мурдагы курс менен 8 500 сом болмок. Ал эми азыркы менен эсептегенде 10 000 сомго чыгып кетип жатат", — деди департаменттен.
Ведомство учурда Россияга каттамдарды көбөйтүү үчүн РФ менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Бул нерсе Россия багыты боюнча рыноктун суроо талабын канааттандыруу үчүн жасалууда.
"Валютанын кымбатташы эл аралык рейстердин рубль менен эсептелген баасын жогорулатышы мүмкүн. Эгер авиарейстер көбөйсө авиабилеттин тарифи төмөндөмөк. Көп нерсе Украинадагы абалдан көз каранды", — деп айтылат маалыматта.
Евро жана АКШ доллар купюралары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.03.2022
Чукул кабар! Доллар 103 сомго чыкты
Жаңылыктар түрмөгү
0