Жети-Өгүз районуна жаңы аким дайындалды

© Фото / пресс-служба Государственной кадровой службы КРМураталы Тагаев. Архив
Мураталы Тагаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.03.2022
Жазылуу
Жаңы жетекчи буга чейин Жалал-Абаддын мэри, шаардык кеңешинде депутат, төрага болуп иштеген.
БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Мураталы Тагаев Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районунун акими болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Тийиштүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгон.
Мураталы Тагаев буга чейин Жалал-Абад шаарынын мэри, шаардык кеңешинде депутат, төрага болуп иштеген.
Жети-Өгүз районун буга чейин Руслан Мейматкулов башкарып келген.
Бишкек мэрине жаңы орун басар болуп дайындалган Бактыбек Абдиев.Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.03.2022
Бишкекке жаңы вице-мэр жана эки аким дайындалды
Жаңылыктар түрмөгү
0