Шейшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековБалдары менен сейилдеп жүргөн аял. Архив
Балдары менен сейилдеп жүргөн аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.03.2022
Жазылуу
Эртең күндүз кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаай турганы, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым учурларда 15-20 метрге жетери айтылды.
БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. 28-29-мартта Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын температурасынын жогорулашына, күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу эңкейиш жана төмөн жерлерди суу каптап, дарыялардын деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
29-мартта күндүз кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым учурларда 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы Чүйдө +10...+15, Талас аймагында +8...+13, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +9...+14, Ысык-Көл өрөөнүндө +4...+9, Нарында -1 +4 градус болору айтылды.
Борбор калаада күн ачык болуп, термометр +13...+15, Ош шаарында +9...+11 градусту көрсөтөт.
Президенттик администрациянын мониторинг жана реформаларды талдоо бөлүмүнүн башчысы Азамат Темиркулов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.03.2022
Радио
Темиркулов: "Жашыл мурас" долбоорунун алкагында багбанчылык өнүктүрүлөт
Жаңылыктар түрмөгү
0