Кыргызстанда 18 автомектеп жабылып, 47си айып пулга жыгылды

© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүАвтомектептин унаасындагы атайы белги. Архив
Автомектептин унаасындагы атайы белги. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.05.2022
Жазылуу
Өлкөдө жалпы 272 автомектепке лицензия берилген. ЖКККББ анын 13ү гана талаптарга жооп бере турганын билдирди.
БИШКЕК, 9-май — Sputnik. Кыргызстанда айдоочуларды даярдап, билим берген 18 мекеме жабылды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы кабарлады.
Маалыматта Билим берүү жана илим министрлиги жалпы 272 автомектепке лицензия бергени айтылат.
4-апрелден тарта 142 автомектеп текшерилип, жыйынтыгында 111 мекеменин жооптуу кызматкерине тийиштүү эскертмелер берилген. Айдоочуларды даярдаган дагы 130 автомектеп текшерилип жатат.
"Текшерилген автомектептердин 13ү эле лицензиянын талаптарына жооп берет. Ошондой эле айдоочуларды чыгарган 47 мекеменин жооптуу кызматкерлерине айып пул салынып, талапка жооп бербеген 18 автомектеп жабылды", — деп жазылган маалыматта.
ЖКККББ кемчиликтерди жойбогон башка автомектептер жоюларын эскертти.
Автомектепте окуган кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.02.2022
Автомектептерде окугандарга видеокөзөмөл жүргүзүлөт. ИИМдин сунушу
Жаңылыктар түрмөгү
0