Франция Европага Россиядай газ ташыган мамлекет жок экенин моюндады

© Sputnik / Алексей Витвицкий / Медиабанкка өтүүГаз компрессордук станциясы. Архив
Газ компрессордук станциясы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.05.2022
Жазылуу
Франциялык ЖМКнын маалыматында мамлекеттердин көбү Европага газды убактылуу гана жөнөтүп тура алат.
БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Учурда дүйнөдө Европа мамлекеттерине жаратылыш газын Россиядай узакка ташый турчу өлкө жок. Бул тууралуу Франциянын Monde diplomatique гезити жазды.
Басылманын маалыматына караганда, Норвегия, Нидерланд, Алжир жана башка мамлекеттер Европаны көгүлтүр от менен көпкө чейин камсыздай албайт.
Европа бул көйгөйдү Ливия аркылуу да чече албайт, себеби өлкөдө согуш жүрүп жатат. Ошондой эле Египет газ жөнөткүсү келген жок, анкени Россия менен мамилесин бузгусу келбейт.
Нигерия жана Ангола өңдүү мамлекеттер Европадан алыс жайгашкандыктан жана жаратылыш газы анчейин кубаттуу болбогондуктан Россиянын ордун баса албайт.
Monde diplomatique гезити АКШ кырдаалдан пайдаланып Европа өлкөлөрүнө газды ташуунун көлөмүн көбөйтүүнү пландап жатканын кошумчалады.
1-апрелден тарта Россия Европа өлкөлөрүнөн газдын акысын рубль менен ала баштаган. Импорттоочу "Газпромбанктан" атайын эсеп ачууга тийиш, ага келишимде көрсөтүлгөн валютада акча которот. Банк бул валютаны Москва биржасында сатат жана газды сатып алуучунун эсебине рублди чегерип берет.
Мунай станогу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.05.2022
Путин: Батыштын башаламан чечимдерин Россиянын пайдасына буруу керек
Жаңылыктар түрмөгү
0