Шевченко менен Сантостун беттеши. Букмекерлер жеңишти кимге ыйгарууда?

© AP Photo / Gary McCulloughUFC чемпиону Валентина Шевченко. Архивдик сүрөт
UFC чемпиону Валентина Шевченко. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.06.2022
Жазылуу
Жекшемби күнү UFC турниринин башкы беттештеринин биринде Валентина Шевченко менен Тайла Сантос октагонго чыгат. Кыргызстандык спортчу чемпиондук курун жетинчи ирет коргомокчу.
БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Букмекерлер кыргызстандык Валентина Шевченкону бразилиялык Тайла Сантос менен болчу беттеште фаворит деп эсептешүүдө.
UFC турнири эртең, жекшемби күнү, Сингапурда өтөт. Шевченко башкы беттештердин биринде жетинчи ирет чемпион макамын коргомокчу.
Fonbet букмекердик конторасы төмөнкүдөй коэффициенттерди белгилеген: кыргызстандык спортчунун жеңишине — 1,15, ал эми бразилиялык мушкерге — 5,8. "Марафонбет" дагы башкачараак эсептесе да жеңишти Шевченкого ыйгарууда: 1,146 жана 5,7. Белгилей кетсек, коэффициенттик көрсөткүч канчалык төмөн болсо, жеңүү ыктымалдуулугу ошончо жогору болот.
Маңдайын жарып, сулата тээп. Шевченконун атаандаштарын чөгөлөткөн видеосу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.06.2022
Маңдайын жарып, сулата тээп. Шевченконун атаандаштарын "чөгөлөткөн" видеосу
Жаңылыктар түрмөгү
0