Карындашын коргогон ага: келин ыйлап элге кайрылды. Видео

© Фото / пресс-служба ГУВД Чуйской областиБишкек– Нарын – Торугарт жолунда киши өлтүрүү
Бишкек– Нарын – Торугарт жолунда киши өлтүрүү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.07.2022
Жазылуу
Келин коомчулукка ыйлап кайрылып, элден колдоо сурады. Эми окуя кандайча өңүт аларын билбей турганын да айтты.
БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Карындашынын намысына тийип, ур-токмокко алган кишини атып салган адамдын ошол бир тууганы коомчулукка ыйлап кайрылып, элден колдоо сурады.
"Агам, менин тирегим — менин намысымды коргоду! Ал учурунда жетишип келип калбаса эмне болуп кетет эле билбейм, айта албайм. Кайдыгер карабагандарды менин үй-бүлөмдү колдооңуздарды сурайм. Биз сиздерге өтө муктаж болуп турабыз, мындайды эч кимдин башына салбасын", — деди көз жаш аралаш ур-токмокко алынган келин.
Окуя кечээ, 1-июлда, болжол менен саат 8:30да Бишкек — Торугарт унаа жолунун 69-чакырымында, Токмок шаарынын аймагында болгон.
Билдирүүгө караганда, келин аялдамада турганда эртең менен саат 7:45те өтүп бараткан машинаны тосуп, ага отурган. Рулдагы 47 жаштагы И.Р. аттуу айдоочу бир аз жүргөндөн кийин эле автоунаасын жол четине токтотуп аялга асыла баштаган.
"Ал эптеп качып чыккандан кийин агасына телефон чалып баарын айтып берген. Андан соң ошол эле жерде жүргүнчү түшүрүп жаткан автоунаага барып отурган. Бирок И.Р. анын артынан кууп барып, машинанын астын тороп токтотуп эч бир себеби жок эле келинди уруп-согуп, чачынан сүйрөп сыртка чыгарууга аракет кылган. Ошол учурда агасы келип калып карындашын кордоп жаткан кишини газ-травматикалык тапанча менен атып жиберген. Ал алган жараатынан улам Тез жардам келгенге чейин каза болгон", — деп милиция билдирген.
Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси ("Адам өлтүрүү") менен Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган.
Карындашын коргогон 36 жаштагы Д.З. кармалып, Токмок шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.07.2022
Асылып, сабап жаткан. Чүйдө карындашынын намысына тийген кишини агасы атып салды
Жаңылыктар түрмөгү
0