БУУ Тегеранда өтө турчу Россия, Иран, Түркия саммитине көз салат

© AP Photo / John MinchilloБУУнун штаб-квартирасы. Архив
БУУнун штаб-квартирасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.07.2022
Жазылуу
19-июлда Россия президенти Владимир Путин, Түркия, Ирандын башчылары Режеп Тайип Эрдоган, Ибрахим Раиси катышкан саммит болот.
БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. БУУ 19-июлда Тегеранда өтө турчу саммитке көз саларын уюмдун башкы катчысынын расмий өкүлүнүн орун басары Фархан Хак брифингде билдиргенин РИА Новости жазды.
Эске салсак, 19-июлда аталган мамлекетте Россия президенти Владимир Путин, Түркиянын жана Ирандын башчылары Режеп Тайип Эрдоган, Ибрахим Раиси катышкан саммит болот.
"Саммиттен Украина менен Россиядан дүйнөлүк рынокко эгин, ошондой эле жер семирткичтерди кайтаруу маселеси боюнча кандайдыр бир жылыш күтөсүзбү" деген суроого Хак "Бул маселеге байланыштуу саммиттен эч нерсе күтпөйбүз, ал өзүнчө маселе" деп жооп берген.
"Биз жолугушуунун жүрүшүнө көз салып, жыйынтыгы кандай болорун көрөбүз", — деген Хак.
Ошол эле учурда ал БУУ эгинди экспорттоо маселеси боюнча талкуунун негизги катышуучуларынын координациясын кубаттай турганын белгилеген.
Буга чейин БУУ эгин жетишсиздигинен улам азык-түлүк жаатында каатчылык жарала турганын бир нече ирет айткан.
БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.07.2022
БУУ эгин маселеси боюнча Россия, Украина, Түркия менен иштешет
Жаңылыктар түрмөгү
0