Америкалык баяндамачы: НАТО "эскирди", жаңы чакырыктарга жооп бере албайт

© AFP / PETRAS MALUKASНАТОнун жана АКШнын желектери. Архив
НАТОнун жана АКШнын желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.07.2022
Жазылуу
Баяндамачы альянс Вашингтондун капчыгына туура келбей калганын белгилеген.
БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Түндүк Атлантика альянсы каржылоосу кымбат, бирок жаңы чакырыктарга чара көрө албаган эски союз. Мындай пикирин Американын Foreign Policy журналынын баяндамачысы Жастин Логан билдиргенин РИА Новости жазды.
Анын айтымында, "кансыз согуш" маалында СССРге каршы туруу максатын көздөгөн блок эскирди.
"НАТО пандемия же кылмыш менен күрөшүүгө чара көрүү менен алектенбейт. Анын буга мүмкүнчүлүгү, бедели, пайдасы да жок. Ошондуктан альянстын мүчөлөрү башка планга өткөнү оң. Блокту бардык көйгөйдөн арылуунун жолу катары жарнама кылгандарын да токтотушу керек", — деди баяндамачы.
Ал ошондой эле альянс Вашингтондун капчыгына туура келбей калганын белгилеген.
Өткөн жылдын этегинде Москва коопсуздук кепилдиги жөнүндө АКШ менен келишимдин жана НАТО менен макулдашуунун долбоорун жарыялаган. Анда Европадагы коопсуздуктун өз ара кепилдиктери, орто жана кыска аралыкка атуучу ракеталарды бири-бирине жакын жайгаштырбоо жана альянсты мындан ары кеңейтпөө жобосу камтылган. АКШ жана анын союздаштары Россиянын сунуштарын четке каккан.
Россия Украинадагы атайын операциясын 24-февралда баштаган. Президент Владимир Путин "ал Киев режими тарабынан сегиз жыл бою кордолуп-мазакталып геноцидге кабылгандарды коргоо максатын көздөйт" деген. Өлкө башчынын айтымында, Донбасстагы "тынч жашоочуларга жасаган кандуу кылмыштары" үчүн "Украинаны демилитаризациялап жана денацификациялап", аскер кылмышкерлерин сотко бериш керек.
Түндүк атлантикалык альянстын желеги. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.07.2022
Америка сенатору мурдагы СССР республикаларын НАТОго кошпоого чакырды
Жаңылыктар түрмөгү
0