Баткенде ысыктын илеби кайтабы? Бир жумага карата аба ырайы

© Sputnik / Эмиль СадыровБаткен облусундагы Катран айылы. Архив
Баткен облусундагы Катран айылы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.07.2022
Жазылуу
Аймакта жаан-чачын күтүлбөйт.
БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Кыргызгидромет келерки аптада Баткен облусунда аба ырайы кандай болорун маалымдады.
Билдирмеге караганда, өрүкзарлуу Баткенде бул апта ичи деле ысык болот. Бирок узап бараткан жумага салыштырмалуу бир аз салкындайт.
Дүйшөмбү, шейшемби күндөрү 41 градуска чейин ысыса, жума, ишембиде 35 градуска чейин төмөндөйт. Жаан-чачын күтүлбөйт.
Бассейндеги кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.07.2022
Аптаптуу ысык качан кайтат? 30-июлга чейинки аба ырайы
Жаңылыктар түрмөгү
0