Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Медведев Европада газдын баасы дагы көтөрүлөрүн божомолдоду

© Sputnik / Алексей Никольский / Медиабанкка өтүүРоссиянын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев. Архивдик сүрөт
Россиянын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.08.2022
Жазылуу
Саясатчынын айтымында, жыл соңуна чейин газдын баасы 3-4 миң долларга чейин жогорулашы ыктымал.
БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Россиянын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев газдын баасы 2 800 долларга чыгып кетиши боюнча комментарий берди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

"Ооба, газдын миң куб метри 2 800 долларга чыкты. Европа катуу үнөмдөө режимине өтүшү керек. Жылдын аягында баа кандай болот? Балким, үч же төрт миң доллар болор. Кимиңер көбүрөөк төлөй аласыңар, мырзалар?" — деп жазды ал өзүнүн Telegram каналында.

Эске салсак, Германияда алдыдагы кышта энергетикалык кризис болжолдонууда. Буга өлкөнүн Россия газынан баш тартышы себеп болууда. Экономика министри Роберт Хабек жана Федералдык электр тармактар агенттигинин башчысы Клаус Мюллер өлкө жарандарын электр энергиясын керектөөнү азайтууга үндөшкөн.
Ал эми канцлер Олаф Шольц Канадага болгон иш сапарынын алкагында газ менен камсыздоо маселесин талкуулай турганын айткан. Ошондой эле энергетикалык кризистин айынан нааразылык акциялары болбошу керектигин эскертүүдө.
Белгилей кетсек, Украинадагы атайын операция башталган соң Европа Россиянын энергетика булактарынан баш тартууну чечкен. Эмбарго деңиз аркылуу ташып келүүлөргө жана түтүктөргө салынган. РФтен нефть импорттоого салынган тыюу декабрдын башына чейин, ал эми мунай заттарына 2023-жылдын февралына чейин киргизилген.
Германиянын канцлери Олаф Шольц. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.08.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Шольц: Путинге Украина дагы 30 жылга чейин НАТОго кабыл алынбайт деп айткам
Жаңылыктар түрмөгү
0