13-сентябрга карата аба ырайы

© Sputnik / Владислав НогайСуусамыр жайлоосу. Архивдик сүрөт
Суусамыр жайлоосу. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.09.2022
Жазылуу
13-сентябрга караган түнү республика боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Шейшембиде күндүз күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +19...+24, Талас аймагында +18...+23, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +26...+31, Ысык-Көл өрөөнүндө +20...+25, Нарында +21...+26 градус жылуу болору айтылды.
Борбор калаада күндүн табы +22...+24, Ош шаарында +29...+31 градуска чейин көтөрүлөт.
Ишембилик. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.09.2022
Бишкекте 17-сентябрда массалык ишембилик өтөт
Жаңылыктар түрмөгү
0