ЖМК: АКШнын президенти Байденге импичмент жарыялоого камылга башталды

© AFP / OLIVER CONTRERASАКШнын президенти Жозеф Байден
АКШнын президенти Жозеф Байден - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.10.2022
Жазылуу
Парламенттегилер ар кыл себептерди келтирип, отставка маселесин ар жума сайын талап кылууну пландап жатканы айтылган.
БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Республикачылардын партиясы АКШнын президенти Жозеф Байденге импичмент жарыялоого ниеттенип жатышат. Бул туурасында бир катар америкалык басылмалар, тагыраагы, The Washington Post, CNN, Axios, USA Today жазган.

"Бир катар ЖМКлар республикачылардын АКШ президентинин калган мөөнөтүн бир топ түйшүктүү кылууга камданып жатканын жазды. Алар Байдендин отставкасына ар кыл себептерди келтирип, ар бир жума сайын талап кылууну пландашууда", — деп билдирген "Sputnik Ближнее зарубежье" Telegram каналы.

АКШнын президенти Жо Байден. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.10.2022
Байдендин абалы 2024-жылы кайрадан президент болушуна шек жаратат
Жаңылыктар түрмөгү
0