Четте калбаңыз! Бишкек мэриясы шаардыктарды ишембиликке чакырды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевБишкектеги ишембилик. Архив
Бишкектеги ишембилик. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.10.2022
Жазылуу
БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Борбор калаада ишемби күнү, 8-октябрда, масштабдуу ишембилик өтөт. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.
"Бишкек шаарынын мэриясы бардык шаар тургундарын, чарба жүргүзүүчү субъектилерди масштабдуу жалпы республикалык ишембиликке катышууга чакырат. Урматтуу шаар тургундары! Айлана-чөйрөгө кам көрүү, тазалык жана ыңгайлуулук ар бирибизден башталат! Четте калбай жарандык активдүүлүктү көрсөтүңүздөр!" — деп айтылат шаардыктарга жасалган кайрылууда.
Бишкектеги Жеңиш паркында коомдук иш күнү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.09.2022
Өлкөдө эми жыл сайын Тазалык күнү белгиленет. Жапаров жарлык чыгарды
Жаңылыктар түрмөгү
0