Нурлан Шакиев Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланды

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаДепутат Нурланбек Шакиев
Депутат Нурланбек Шакиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.10.2022
Жазылуу
Ал жалгыз талапкер болуп шайлоого катышты.
БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Нурлан Шакиев Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланды.
Жашыруун добуш берүүнүн натыйжасында 80 депутат макул, алтоо каршы добуш берди. Бир бюллетень жараксыз деп табылды.
Ал жалгыз талапкер болуп шайлоого катышты.
Шакиевдин талапкерлигин "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясы көрсөтүп, "Ишеним", "Альянс" жана "Элдик" топ колдоду.
Ал эми "Ыйман нуру" "Ынтымак" жана "Бүтүн Кыргызстан" фракциялары эч кимди сунуштаган жок.
Депутат Нурланбек Шакиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.10.2022
Спикер болчу Нурлан Шакиев Курманбек Бакиев тууралуу пикирин айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0