Казакстанда Кыргызстандын маданият күндөрү өтөт

Комузчулар - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.10.2022
Жазылуу
Коңшу мамлекеттин борборундагы маданий иш-чарага Кыргызстандан 300дөй киши барары айтылды.
БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Казакстандын Астана шаарында 26-29-октябрда Кыргызстандын маданият күндөрү өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.
Иш-чаранын программасы:
26-29-октябрь — Кыргыз киносунун күндөрү;
26-октябрь — Чыңгыз Айтматовдун жаркын элесине арналган тегерек стол жана Кыргызстан менен Казакстандын эл артисттери, эл сүрөтчүлөрү, акын-жазуучулары, кино ишмерлери, илимдин докторлору, академик, коомдук ишмерлердин жолугушуусу;
27-октябрь — Кыргызстандын искусство чеберлеринин гала-концерти өтүп, театр фойесинде Кыргызстандын тарыхый-маданий мурастарынын жана кол өнөрчүлөрүнүн көргөзмөсү өтөт;
28-октябрь — "Манас" эпосуна арналган иш-чара жана "Ак марал" бий ансамблинин жана Чалагыз Исабаев атындагы "Камбаркан" фольклордук-этнографиялык ансамблинин концерттери болот;
"29-октябрь күнү Кыргызстандын Казакстандагы маданият күндөрүнүн салтанаттуу жабылышы өтүп, анда Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры "Саманчынын жолу" спектаклин көрсөтөт", — деп жазылат маалыматта.
Коңшу мамлекеттин борборундагы маданий иш-чарага Кыргызстандан 300дөй киши барып, делегацияны министр Алтынбек Максутов жетектей турганы айтылды.
Эске салсак, Казакстандын маданият күндөрү Кыргызстанда 2021-жылы 7-9-октябрь күндөрү болгон.
Театр жана кино актрисасы Гүлмира Ташматова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.10.2022
Радио
Ташматова: Түркияда өткөн театр фестивалынан сыйлык менен кайттык
Жаңылыктар түрмөгү
0