Бишкекте манасчылардын сынагы өтөт. Шарт-талабы, убактысы

Манасчы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.11.2022
Жазылуу
Сынакка 30 жашка чейинки бардык манасчылар катыша алат.
БИШКЕК, 8-ноя. — Sputnik. Бишкекте 4-декабрь - "Манас" күнүнө карата манасчылардын республикалык кароо-сынагы өтөт. Бул тууралуу Кыргыз улуттук "Манас" театры билдирди.
Сынак аталган театрда 26-ноябрда өтөт. Ага 30 жашка чейинки бардык манасчылар катыша алат.
Тандоо турунда катышуучулардын саны чектелбейт. Жарым финалга 12 манасчы жолдомо алмакчы. Ал эми финалдык баскычта төрт манасчы ат салышат.
"Тандоо турунда манасчылар чыгарманы эркин темада айтуусу шарт. Жарым финалда манасчылар кезек кагазын кармоо менен 2-5 мүнөттүн тегерегинде багыт боюнча теманы айтуусу керек. Финалдык баскычта калыстар тобу тарабынан берилген окуяны кезек кагазын кармоо менен ирээтин бузбай улап айтуу зарыл. Эгер улай албай калса эркин тема айтууга мүмкүнчүлүк берилет, бирок упай берилбейт. Сөзүнүн көркөмдүгүнө, окуянын ырааттуулугуна, музыкалдуулугуна, аткаруу чеберчилигине жараша калыстар тарабынан ар бир манасчыга баа берилет", — деп жазылган билдирмеде.
Кароо-сынактын жеңүүчүлөрүнө байгелүү орундар берилет. Жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи 4-декабрь күнү филармонияда өтөт.
Кеңири маалымат алуу үчүн 0708 98 54 09 номерине байланышууга болот.
Мелдештин негизги максаты — манасчылыкты аркалаган өнөр ээлерин камкордукка алуу, мыкты манасчыларды жана мелдештин жеңүүчүлөрүн үналгы, сыналгы, гезит-журналдар аркылуу жалпы журтчулукка тааныштыруу. Айтуучулук өнөрлөрдү алып жүргөн жаш муунду жана жаңы ысымдарды элге алып чыгуу.
Кыргыз Республикасынын эл артисти, 70тен ашык обондордун автору, композитор, публицист Түгөлбай Казаковдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.11.2022
"Манас" театрында Түгөлбай Казаковдун 70 жылдыгы белгиленет
Жаңылыктар түрмөгү
0