15-ноябрга карата аба ырайы

© AFP / SINA SCHULDTЭмен жалбырагында суу тамчылары. Архив
Эмен жалбырагында суу тамчылары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.11.2022
Жазылуу
Түндө жана эртең менен айрым жерлерде туман түшүшү мүмкүн.
БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Шейшембиде күндүз айрым жерлерге жамгыр жааса, тоо этектеринде жана тоолуу райондорго кар түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Ысык-Көл өрөөндөрүндө +5...+10, Талас аймагында +3...+8, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +9...+14, Нарында +2...+7 градус болот. Борбор калаада термометр +7...+9 градусту көрсөтүп, күндүн экинчи бөлүгүндө жамгыр жаашы ыктымал. Ал эми Ош шаарында жаан-чачын күтүлбөйт, эртең менен туман түшүп, +12...+14 градус болору болжолдонду.
Жол оңдоо иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.11.2022
Боомдогу жолдун Бишкек багытындагы тилкеси беш күнгө жабылат
Жаңылыктар түрмөгү
0