Жалал-Абадда күн ачык болобу? Бир жумага карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековТоктогул районундагы тоолор. Архив
Токтогул районундагы тоолор. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.11.2022
Жазылуу
Абанын температурасы күндүз 7…12 градусту көрсөтөт.
БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Жалал-Абад облусунда алдыдагы жуманын башы жаанчыл болушу ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидромет агенттиги билдирди.
Синоптиктердин маалыматына таянсак, 21-22-ноябрда көпчүлүк аймактарда жамгыр, тоолуу жерлерге кар жаашы күтүлүүдө. 23-ноябрда тоолорго кар түшсө, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт.
24-25-ноябрда күн ачык болсо, 26-ноябрда кайра бүркөлүп, 27-ноябрда жамгыр, кар жаай турганы божомолдонду. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши мүмкүн. Абанын температурасы күндүз 7…12 градуска чейин жылыйт.
Бишкекте жааган кардан кийин көп кабаттуу үйлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.11.2022
Катуу суук түшпөйбү? Бир жумага карата Кыргызстандагы аба ырайы
Жаңылыктар түрмөгү
0