Тазабек Икрамов президенттин кортежи унаа тыгынын жаратып жатканын билдирди

Кортеж. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.03.2023
Жазылуу
Эл өкүлү жумуштан кийин Манас проспектиси менен жүрүүгө мүмкүн болбой калганын кошумчалады.
БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов президенттин кортежи эл жумушка келип кеткенден кийин жүрүүсүн сунуштады.
Эл өкүлү бүгүнкү күнү эң негизги маселе унаа тыгыны экенин айтып, ал кортежден улам жаралып жатканын белгиледи.
"Ушул маселени жайгарсак жакшы болот эле. Эл жумушка келгенге чейин же эл жумуштан кеткенден кийин кечки саат 20:00дө өтсө. Үстүдөгү адамдарыбыз жолду инспекторлор менен тоспой... Ушул маселени оң жагына чечип бербейлиби. Эми эл көп, машиналар жылбай калып жатат. Кортеж маселесин да жолго коюп берсеңиздер. Эртерээк, анан кечинде жүрө турган кылып", — деди депутат.
Ошондой эле Икрамов бардык жолдор жабылып, жумуштан кийин Манас проспектиси менен жүрүүгө мүмкүн болбой калганын кошумчалады.
Абакта отурган аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.03.2023
Талкуу жараткан сүрөт: депутат абакта төрөгөн аялга ырайым кылууну суранды
Жаңылыктар түрмөгү
0