13-мартка карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековЖамгыр учурунда көчөдө бараткан адамдар. Архив
Жамгыр учурунда көчөдө бараткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.03.2023
Жазылуу
13-мартта түнкүсүн айрым жерлерде нөшөрлөгөн жамгыр жаай турганын айтышты.
БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Дүйшөмбүдө күндүз көпчүлүк аймактарда жамгыр жаап, тоолуу райондорго кар түшүшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Эртең менен туман капташы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +9...+14, Таласта +10...+15, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +15...+20, Ысык-Көлдө +9...+14 жана Нарында -3...+2 градус болот.
Термометр бул күнү Бишкекте +12...+14 жана Ош шаарында +18...+20 градусту көрсөтөт.
Талаада жайылган жылкылар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.03.2023
Суук кайтабы? Келерки жумада Нарында аба ырайы кандай болору айтылды
Жаңылыктар түрмөгү
0