8-апрелге карата аба ырайы

© Sputnik / Павел БедняковЖамгырда кол чатыр менен адам. Архив
Жамгырда кол чатыр менен адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.04.2023
Жазылуу
Өлкө аймагында күтүлүп жаткан туруксуз аба ырайына байланыштуу тоолуу аймактарда сел жүрүү жана көчкү түшүү ыктымалдуулугу жогорулайт.
БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Ишембиде республиканын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +15...+20, Талас жергесинде +14...+19, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +17...+22, ал эми Ысык-Көл чөлкөмүндө +12...+17, Нарын аймагында +8...+13 градус болору айтылды.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +18...+20 жана Ош калаасында +20...+22 градуска жетет.
Асмандагы учак. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.04.2023
Май айында Бишкектен Сочиге үзгүлтүксүз учак каттай баштайт
Жаңылыктар түрмөгү
0