Күн катуу ысыйбы? Май айына карата аба ырайы

© Sputnik / Жоомарт УраимовБишкектин Эркиндик бульварында сейилдеп жүргөн адамдар. Архив
Бишкектин Эркиндик бульварында сейилдеп жүргөн адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.04.2023
Жазылуу
Май айында өлкөнүн түштүк аймактагы облустарында абанын эң жогорку температурасы 35 градуска жетет.
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Кыргызгидромет май айына карата аба ырайы божомолун таратты.
© Фото / пресс-служба КыргызгидрометСреднемесячная температура воздуха и количество осадков в Кыргызстане в мае 2023 года
Среднемесячная температура воздуха и количество осадков в Кыргызстане в мае 2023 года - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.04.2023
Ага ылайык, абанын айлык орточо температурасы беш облустун дыйканчылык аймактарында климаттык нормадан 1 градуска жогору болот. Ал эми эки дубанда норманын чегинде болору кабарланды. Жаан-чачындын да көлөмүндө өзгөрүү болбойт.

Чүй облусу

Абанын айлык орточо температурасы нормадан 1 градус өйдө болот.
Апрель ичинде абанын температурасы түнкүсүн 7...12 градус жылуулуктан 13…18ге чейин, күндүз 18…23төн 28…33 градуска чейин өзгөрүлүп турары айтылды. Ал эми кээ бир күндөрү түнкүсүн 1...6, күндүз 12…17ге чейин төмөндөшү күтүлөт.
Кемин өрөөнүндө жана тоо этектеринде түнкүсүн 3…8дин тегерегинде болуп, айдын кээ бир күндөрүндө түнкүсүн жана эртең менен 0...-2ге чейин (үшүк жүрүү ыктымалдыгы 40-60 пайызды түзөт) жетет. Күндүз 14…19дан 24…29га чейин өзгөрүлүп турат. Кээ бир күндөрү күндүз 8…13 градуска чейин төмөндөйт.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болот (Чүй өрөөнүндө 53-73 мм, тоо этектеринде 89-91 мм).

Талас облусу

Абанын айлык орточо температурасы нормадан 1 градуска жогору болуп, 15…17ге жетет. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 1…6дан 10…15ке чейин өзгөрөт.
Айдын кээ бир күндөрүндө түнкүсүн жана эртең менен 0...-2ге чейин (үшүк жүрүү ыктымалдыгы 40-60 пайызды түзөт) жетет. Күндүз 17…22ден 27…32 градуска чейин өзгөрүлүп турат. Кээ бир күндөрү күндүз 10…15ке чейин төмөндөшү күтүлөт.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болот (44-50 мм).

Ош облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1 жогору градуска болуп, 18…20, тоо этектеринде 14…16 градус жылуу болушу күтүлөт.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 7…12ден 13…18ге чейин, күндүз 23…28ден 30…35ке чейин өзгөрөт. Кээ бир күндөрү күндүз 17…22 градуска чейин төмөндөшү мүмкүн.
Тоо этектеринде түнкүсүн 4…9дан 11…16га чейин, күндүз 19…24төн 25…30 градуска чейин өзгөрөт. Кээ бир күндөрү күндүз 13…18ге чейин төмөндөшү ыктымал.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болот (өрөөндөрдө 35-55 мм, тоо этектериндеги райондордо 63-98 мм).
Электр зымдары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.04.2023
Электр энергиясы 1-майдан тарта кымбаттай турган болду. Жаңы тарифтер

Жалал-Абад облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1 градус жогору болуп, 18…20, тоо этектеринде 14…16 градус жылуу болушу күтүлөт.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 7…12ден 13…18ге чейин, күндүз 23…28ден 30…35 градуска чейин өзгөрөт. Кээ бир күндөрү күндүз 17…22 градус төмөндөшү мүмкүн.
Тоо этектеринде түнкүсүн 4…9дан 11…16га чейин, күндүз 19…24төн 25…30 градуска чейин өзгөрөт. Кээ бир күндөрү күндүз 13…18 градуска чейин төмөндөшү күтүлөт.
Токтогул районунда ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 4…9дан 11…16га чейин, күндүз 19…24төн 25…30га чейин жетет. Кээ бир күндөрү күндүз 13…18 градуска чейин төмөндөйт.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болот (өрөөндөрдө 54-56 мм, тоо этектериндеги райондордо 145-155 мм, Токтогул районунда 54-56 мм).

Баткен облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1 градуска жогору болуп, 18…20, тоо этектеринде 14…16 градус жылуу болот.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 7…12ден 13…18ге чейин, күндүз 23…28ден 30…35ке чейин өзгөрүлүп турат. Кээ бир күндөрү күндүз 17…22 градуска чейин төмөндөйт.
Тоо этектеринде түнкүсүн 4…9дан 11…16га чейин, күндүз 19…24төн 25…30га чейин өзгөрүлүп турат. Кээ бир күндөрү күндүз 13…18ге чейин төмөндөшү ыктымал.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болот (өрөөндөрдө 37-39 мм, тоо этектериндеги райондордо 76-78 мм).

Ысык-Көл облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп, 11…13 градус жылуу болот.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 1…6дан 8…13кө чейин, күндүз 12…17ден 22…27ге чейин өзгөрүлүп турат. Айдын кээ бир күндөрүндө түнкүсүн жана эртең менен Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында -1...-3 градуска чейин суук болуп, үшүк жүрүшү мүмкүн.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болот (26-37 мм, чыгышында 55-80 мм).
Бишкекте Өлбөс полк 2022 акциясы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.04.2023
Май айында кыргызстандыктар катары менен беш күн эс алат

Нарын облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп, 12…14 градус жылуу болушу күтүлөт.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 1…6дан 7…12ге чейин, күндүз 12…17ден 22…27ге чейин ысык болот. Айдын кээ бир күндөрүндө түнкүсүн жана эртең менен -1...-3 градус суук болуп, үшүк жүрөт.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу ыктымал (28-53 мм).

Алай өрөөнү

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп, 3…5 градус жылуу болот.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -2…-7ден -1… +4кө чейин, күндүз 2…7ден 11…16га чейин өзгөрүлүп турушу мүмкүн.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болот (62-64мм).

Чаткал өрөөнү

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп, 10…12 градус жылуу болот.
Ай ичинде абанын температурасы 1…6нын тегерегинде болуп, күндүз 12…17ден 20…25ге чейин өзгөрүлүп турат.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу мүмкүн (40-42 мм).

Суусамыр өрөөнү

Абанын айлык орточо температурасы норманын чегинде болуп, 8…10 градус жылуу болушу күтүлөт.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -2…-7ден 2…7ге чейин, күндүз 9…14төн 18…23кө чейин өзгөрөт.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу ыктымал (39-41 мм).
Жамгыр учурунда көчөдө бараткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.04.2023
Шашылыш билдирүү! Эртеңден тарта күн сууктап, катуу жаан жаайт
Жаңылыктар түрмөгү
0