16-апрелге карата аба ырайы

© AFP / LOIC VENANCEЖамгыр. Архив
Жамгыр. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.04.2023
Жазылуу
16-апрелге караган түнү айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот.
БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. 16-апрель, жекшембиде, республиканын көпчүлүк аймактарында жамгыр жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден күндүз айрым жерлерде 17-22 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +19...+24, Талас өрөөнүндө +18...+23, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +17...+22, Ысык-Көлдө +14...+19, Нарын аймагында +12...+17 градус жылуу болот.
Борбор калаада күндүз жаан жаап, күндүн табы +20...+22 градусту көрсөтүп турса, Ош шаарында да +20...+22 градус жылуу болуп, бирок жаан-чачын күтүлбөйт.
Бишкектин Эркиндик бульварында сейилдеп жүргөн адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.04.2023
Күн катуу ысыйбы? Май айына карата аба ырайы
Жаңылыктар түрмөгү
0