Алдыдагы аптага карата Талас облусу боюнча аба ырайынын божомолу

© Sputnik / Михаил ДудинТалас шаары. Архив
Талас шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.04.2023
Жазылуу
Аптанын башында көпчүлүк жерлерде катуу жаан жаашы күтүлөт.
БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы жумада Таласта аба ырайы кандай болору тууралуу маалымат таратты.
Ага ылайык, эртең, 16-апрелде, түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
17-18-апрелде түнкүсүн тоолуу райондордо кар, күндүз айрым жерлерде жаан жаайт.
Ал эми 18-апрелде күндүз жана 19-22-апрелде жаан-чачын күтүлбөйт.
Тоолуу райондордо жолдор тайгак болуп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 16-17-апрелде күндүз айрым жерлерде 17-22 метрге жетиши күтүлөт.
Бишкектин Эркиндик бульварында сейилдеп жүргөн адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.04.2023
Күн катуу ысыйбы? Май айына карата аба ырайы
Жаңылыктар түрмөгү
0